Сокулук районунда 4,5 тонналык кооптуу химиялык уулуу зат табылды

Сокулук районунун Новопавловка айыл аймагында кооптуу химиялык уулуу зат табылды. Бул тууралуу Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекция билдирди.

"Химиялык уулуу затты Сокулук районунун Новопавловка айыл аймагына кимдир бирөөлөр таштап кетишкен. Мамэкотехинспекциянын экологдору уулуу зат ташталган жерге барып, аныктоо аракетин көрүштү. Аталган химиялык заттар 200 литрлик челектерде болуп, сыртындагы белгилери өчүрүлүп, кагаздары сыйрылып, жашыруу аракети көрүлгөнү байкалды. Жалпы салмагы болжол менен 4,5 тоннаны түзгөн заттын арасынан челектердин сыртына чапталган кагаздын айрындысы табылды. Андагы жазуулар немис тилинде болуп, котормосунда өтө кооптуу жана өтө коркунучтуу ооруларды чакыра турган уулуу зат экендиги жазылган. Учурда аталган инспекциянын Экология боюнча коопсуздук башкармалыгынын адистери тарабынан ыкчам чаралар көрүлүп, бул коркунучтуу затты аныктаганга тиешеси бар ведомстволорго кат жөнөтүп, иликтөө иштерин баштады", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Dadasdasd
2016-08-16 13:59:16
Ким кылат
0
Nurkyz1977
2016-08-16 14:30:45
Кудай сакта бул айылдын кайсы тарабына ташталыптыр,муну карапайым адам жасай албайт жонокой адам 4,5тонна химикат эмес 50сомдук клейди ойлонуп алат муну алганча 5сомго супер клей эле алсамбы?деп дагы бир байдын кылганы да.
0
Keremet008
2016-08-16 16:01:50
Ой тоооа бул не ичин ачып алышыптыр да жок кылышпайбы нары
0
chinara88
2016-08-17 00:00:50
Keremet008,туура айтасын жок кылыш керек
0
chinara88
2016-08-16 23:59:55
Кайсы душман ыргытыптыр кыргыз элиме залал тийгизген химикаты.ким кылса да атууга кетсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан