Баткенде 90 миллион сомго курулган мектеп жаңы окуу жылына пайдаланууга берилет

Баткен облусунун Чоң-Кара айылында президенттин демилгеси менен курулган Токтогул атындагы мектеп жаңы окуу жылына пайдаланууга берилет. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта Баткен облустук администрациясынан билдиришти.

"Бул мектеп 425 орунга ылайыкташкан. Заман талабына ылайык спорттук зал, ашкана, жылытуу системи курулган. Мектептин курулушун 2014-жылы президент Алмазбек Атамбаев Баткен облусуна болгон иш сапарында демилгелеген", - деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, мектептин жалпы сметалык баасы 90 миллион сом. Ал 2016-жылдын жаңы окуу жылына пайдаланууга берилмекчи.

Айта кетсек, Баткен районунун аймагында 54 мектеп бар. Быйылкы жаңы окуу жылына бардык мектептер даяр. Чоң-Кара айылында калктын саны 3878 кишиге жетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
eldar.
2016-08-16 15:29:26
Коп акча кеткенго. А болду тушундум, жарымынан кобун чонтоко салышатда.
+5
Danik
2016-08-16 15:50:36
оа жарымын эле согуп коюшту окшойт бир болсом
+3
talant87
2016-08-16 19:43:50
биздин айыга 275урунду мектепти 50кундо курушту акча жок деп 20кундон отуу сентябрга тапшырмак акча болгондо усталар ото тез иштешет экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан