Бишкек шаарынын Көк-Жар конушунда ондогон гектар жерге кулпунай өстүрүлөт. Ак төөнүн карды жарылып, берекесин берген алтын күз ушул күндөрдөн башталат. Анткени талаада дыйкандардын колунан өстүрүлгөн кулпунайдан баштап коон, дарбыз, бадыраң, помидор сыяктуу
жашылча-жемиштердин баары бышып, элдин дасторкону толуп турган учур. Мындай учурду кыргыз эли бышыкчылык мезгил деп атап келет.
Талаада көз жоосун алып, кулпуруп өсүп турган кулпунайдын өстүрүлүшү туурасында маалымат алып, коомчулукка алып чыгууну туура көрдүк. Бул үчүн атайын чыгармачыл топ гектарлаган жерди ээлеп жаткан Көк-Жар конушундагы кулпунай талаасына бет алды.
Алгач жол четинде кулпунай сатып отурган Тажибай Акматов аттуу дыйканга кезиктик. Ал Кара-Балта шаарынын тургуну, быйыл алгачкы жолу кулпунай өстүрүүнү баштаган. Ал үчүн айдап жүргөн жеңил унаасын сатып, дыйканчылыкка керектүү жумуштар үчүн чыгымдаган.
"Унаамды сатып, 20 миң сомго жерди ижарага алдым. Андан соң жер айдатып, жерди кулпунайга даярдадым. Мунун баарына саткан унаамдын акча каражатын жумшадым. Буюрса, жакшы, жазында жасаган эмгегимдин акыбети кайтып, кулпунайды сатып жатам. Эң негизгиси, талбай эмгектенип, кулпунайдын ар бир түбүнө аяр мамиле жасап, алдын жумшартыш керек", - дейт дыйкан Тажибай Акматов.
Маалым болгондой, кулпунайды тигип, өстүрүү өзүнчө түйшүк болсо, аларды сатуу башка түйшүк. Айрым убактарда кардар болсо, айрым учурларда кардар жок болуп калары белгилүү. Ал учурда дыйкандар терилген кулпунайды өз убагында сатуу үчүн 10-15 чакырым жол жүрүп "Ош базарына" жөнөшөт.
Кең талаада кулпунай сугарып жүргөн дагы бир дыйкан Бектурсун Токтосунов Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарынан келген. Дыйкан буга чейин башка жумуш менен алектенген. Жакындарынан кулпунай өстүрүү кирешелүү экенин угуп ушул жумушту баштаган. Быйыл ал 1 гектар жерге кулпунай айдап, талаага тигилген алачыгында жашайт. Күн-түн дебей чатырда жашап, кулпунай талаасын карап, аны өстүрүп келет.
"Алгач кулпунай өстүрүүнүн сырын билбей бир топ кыйналгам. Бул иш менен алектенгендер кулпунайды багып-өстүрүүнүн сырын айтышпайт. Ошентсе да алардын аткарган иштерин ынтаа коюп, уурданып карап жүрүп өздөштүрүп кеттим. Дыйканчылыкты жаңы баштаган жылы 50 сотых кулпунай тигип, андан 100 миң сом киреше тапкам", - деди Бектурсун Токтосунов.
Бектурсун Токтосуновдун айтымында, кулпунайды алгач туура отургузуп, жумасына эки ирет сугаруу керек. Ал тургай мөмө байлаганча жети ирет түбүн жумшартып, чөп өстүрбөй чаап туруу зарыл. Ал эми жаан-чачында мөмөгө ылай жармашпаш үчүн күз айларына жакын айланасында өскөн чөптү отобой тим койгон туура.
Талаада кулпунай бышып, аны терүүгө жардамчы чакырган Мадина Пулатова ар бир терилген чака үчүн жардамчыларга 25 сом төлөп берет. Бир адам жумуш убактысы бүткөнчө 25 чака терүүгө үлгүрөт.
"Учурда кулпунай бышып жатат. Өз убагында сатып калуу үчүн атайын жардамчыларды чакырабыз, антпесе мөмө бышып, эзилип кетиши мүмкүн. 2-3 күндө 80-100гө жакын чака кулпунай терип алабыз. Биз кулпунай теребиз, атам сатуу менен алектенет", - деди Пулатова.
Бүгүнкү күндө кулпунайдын 1 килограммы 45-50 сомго бааланууда. Ал эми бир чакасы 120 сомдон 150 сомго чейин сатылып жатат. Өткөн жылы ушул эле көлөмдөгү чака кулпунай 150 сомдон 180 сомго чейин сатылган. Дыйкандар көпкө түшүм берүүчү кулпунай өстүрүшөт.