Ош шаарынын 2016-2020-жылдардагы өнүктүрүү программасы коомчулукка уктурулду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Шаарды өнүктүрүү программасы боюнча иш-чарага Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, жергиликтүү кеңештин депутаттары, бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын кызматкерлери, көз карандысыз эксперттер жана шаар активисттери катышты.
"Шаардыктарды турак жай менен камсыз кылууда миң батирлүү жаңы көп кабаттуу үйлөрдүн долбоорлорун даярдоо, селсаяктар үчүн 10 орундуу баш калкалоочу жайларды куруу мерчемделүүдө. Ошондой эле алдыда балдардын коопсуздугун алдын алуу максатында "Коопсуз мектеп, коопсуз бала бакча" долбоору ишке ашат", - деп билдирген шаар мэри Айтмамат Кадырбаев.
Жакынкы жылдар аралыгында Ош шаарындагы таза суу маселесин чечүү негизги максаттардын бири экендиги да айтылды. Маалым болгондой, 2016-2020-жылдардагы өнүктүрүү программасынын приоритеттүү 5 багыты жарыяланды. Алар: "Ынтымактуу коомду түзүү", "Динамикалуу экономика", "Мамлекеттик жана муниципалдык социалдык кызматтарды алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу", "Жагымдуу чөйрөнү түзүү", "Экологиялык коопсуздук жана айлана-чөйрөнү коргоо".