SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Сабыр менен качан жеңем?.." деген тема талкууга алынууда.
Теманы ачкан колдонуучунун суроосу:
"Турмушумду арак деген балээ көп сынай турган болду. Жолдошум аракка жакыныраак адам. Кээде эле ыймандуу болуп ичпей, мечиттерге барып калат. Бирок көп өтпөй кайрадан аракты кууп ичип калат. Арактын айынан үйгө келбей калган күндөрү да болот. Ошондой маалда мен өзүмдү коёрго жер таппай, өзүмдү өзүм жеп салам. Бардык жумуш, жоопкерчилик менин мойнумда. Мектепте мугалиммин, жолдошум эч жерде иштебейт. Менин айлык акым менен тиричилик кылып, эптеп жашайбыз. Балдарым кичинекей, буга чейин үйдү оңдойбуз деп чоң суммада насыя алганбыз. Эми аны төлөй албай кыйналып жатабыз. Бүгүн да анын үстөк пайызын төлөшүм керек болчу. Жолдошумдун аны менен иши жок, ичип жүрөт.. Эмне кылышты да билбей калдым, качып кетким келет, бирок балдарымчы?!"
Темага калтырылган жооптор:
"Жаратканым сабыр берсин! Азыркы акыбалыңызды окуп алып менин да ыйлагым келип кетти. Алдыда жакшы күндөр насип этсин. Баягы эле аялзаты байкуш, үй-бүлөм, балдарым, үй-жайым деп тытынып, кыйналып, ыйлап жүрөт".
"Эх, алтыным, ошон үчүн турмушка чыгарда ойлонуп тийиш керек болчу. Эми жолдошуңду туура жолго салуу өзүңдөн. Болбосо ажырашып кет, эркек куруп кетсе да".
"Ажырашуу тууралуу ойлонбоңуз. Балдарыңыздын бактысы үчүн күрөшүңүз! Карарган түндүн артынан агарган таң да келет".
"Эми кандай болсо да жакшы ниет кылып жашаңыз. Айдын он беши караңгы болсо, он беши жарык болот. Өзүңүз намаз окуп, жолдошуңузга ыйман-ынсап бер деп дуба кылыңыз. Башыңыздан өткөн күнүңүздү элестетип көрдүм. Насыя алуу үйдө кут, берекени качырат. Мисалы, 8 миң сом айлык алсаңыз, ошонун 5 миң сомун анын үстөк пайызын төлөөгө алып барып бересиз. Ошол 5 миң сомго керектүү нерселерди алып, аз-аздан бүтүрүп алмаксыз. Насыя төгө турган күн жакындаса сарсанаа болосуз, мен муну жакшы түшүнөм, себеби мындай нерсе менин да башымдан өткөн".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.