Чолпон-Ата шаарында селден улам келтирилген чыгымдар эсептелинүүдө, 50 турак жайдын жер төлөсүн суу каптаганы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 17-августта SUPER.KG порталына КРнын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Жаныбек Кожоев билдирди.
"Учурда келтирилген чыгымдарды аныктоо иштери улантылууда. Алдын ала маалыматтарга ылайык, жалпы 70 турак жайды суу каптаган. Анын ичинен сел суулары 50 үйдүн жер төлөлөрүн каптап, калган 20 үйдүн короолоруна ылай суулар кирген. Чолпон-Ата шаарынын мэри жана жергиликтүү депутаттардан түзүлгөн атайын комиссия чыгымдарды аныктоодо. Учурда 4 турак жайдын жер төлөсү толугу менен тазаланып бүткөнү маалым болду", - дейт Кожоев.
Анын айтымында, аталган аймакта мындан 12 жыл мурун да ушул сыяктуу кыян суу каптаган. Тогуз-Булак аймагындагы каналдагы суунун ашкандыгы ушундай абалга алып келген, себеби бул аймакта арыктар өз убагында казылган эмес.
Айта кетсек, турак жайлардан сырткары дүкөн, бир нече кафе жана “Рух-Ордо” маданий комплексин да сел каптаган. Учурда атайын түзүлгөн комиссиянын өкүлдөрү жеринде келтирилген чыгымдарды аныктоо иштерин жүргүзүшүүдө.