2016-жылдын I жарым жылдыгында элдин өкмөткө болгон ишеним индекси болгону 19,5 пайызды түздү

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети 2016-жылдын I жарым жылдыгындагы элдин өкмөткө болгон ишениминин рейтингин жарыялады.

Маалыматка таянсак, жарым жыл ичинде мамлекеттик түзүмдөргө элдин ишеним индекси болгону 19,5 пайызды түзгөн. Анын ичинен министрликтерден Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 43,4 пайыз ишеним көрсөтүлсө, Маданият, маалымат жана туризм министрлигине болгон ишеним индекси 40,3 пайызды түзгөн. Эң эле төмөн 12,2 пайыз ишеним индексине Ички иштер министрлиги жана 4,1 пайызга Саламаттыкты сактоо министрлиги ээ болушкан.

Ишеним индексинин өлчөмү сурамжылоого катышкандардын оң жана терс жоопторунун салмактарынын айырмасына барабар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Frunze74
2016-08-17 10:01:44
Дагы коп айтып коюшуптур же уят болбойлу дешкенби айтор, болбосо элдин Окмотко ишеними 9,5% десе чындыкка жакын болот. Маданият, маалымат жана туризм менен саламаттыкты сактоо министрликтерине болгон ишеним менимче 30% "потолок".... Элдин сот системасы, Жогорку Кенеш жана президентке болгон ишенимин айтпай эле койолу, обидно болуп кетпесин...
+1
ruslanz
2016-08-17 18:29:40
Окмотко кантип ишеним корсотобуз. Суу акпаган сайга копуроо курса ( биздин айылда), куноосу жокторду кыйнап куноолу кылса, элден акча чогултуп той открушсо дагы дагы
0
temirov76
2016-08-17 21:20:32
Озу негизи ишенгендер бар бекен?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан