Нарын районунда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үчүн мектептерден акча жыйналып жатканы айтылууда

Жергиликтүү тургундардын SUPER.KG порталына билдиргени боюнча, Нарын облусунун Нарын районунда мектептер Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата 1500 сомдон чыгарууга милдеттендирилишкен.

"Кечээ, 16-августта Нарын райондук билим берүү бөлүмүндө мугалимдер үчүн жыйын өткөн. Анда ар бир мектеп 1500 сомдон акча чогултууга милдеттендирилиптир. Чогулган каражат Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кырчын жайлоосуна Нарын районунун атынан тигиле турган боз үйгө жана башка уюштуруу иштерине жумшалат дешти. Район боюнча 45 мектеп бар. Андан сырткары бала бакчаларды да акча чогултууга мажбурлап жатышыптыр. Мугалимдердин айлыктары аз болсо, бул чогулткандары туурабы?" - деген суроо салды жергиликтүү тургун.

Ошондой эле буга чейин Соң-Көлдө болгон Тайлак баатырдын 220 жылдыгында да бийлик өкүлдөрүнүн тааныш-билиш конокторун сыйлоо үчүн мектептерден каражат чогултулганын кошумчалады.

Бул маселе тууралуу Нарын районунун акими Түгөлбай Жанбоевге байланышканыбызда, мугалимдерден бир тыйын да алынбаганын айтты.

"Мугалимдердин айлыктары аз болсо, аларга дагы жүк кылып, акча чогултуу - уят иш. Ал эми Кырчынга бизден 5 боз үй тигилет. Ага кетчү каражаттарды, дасторконун демилгечилер - жеке ишкерлер камсыздашат. Бир боз үйдүкүн өзүм моюнума алгам. Соң-Көлдө өткөн Тайлак баатырдын тоюнда мугалимдерден бир да тыйын чогултулган эмес. Тескерисинче, жардамдашып барган кызматкерлерге кызматтык сапарга бөлүнүүчү каражат төлөнгөн", - деди аким.

"Балким, ортодо бирөө акча чогултуп жаткандыр. Бул маселени тактап, териштирем. Эгер чынында эле ушундай факт болсо, ал адам өз жазасын алат", - деп кошумчалады Жанбоев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
bosmos777
2016-08-17 17:22:35
Тооба!
+1
Frunze74
2016-08-17 17:28:57
Бийликте отуруп калп айтпаган жетекчинин озун табуу кыйын болуп калды. Калп айткан жетекчилерге чара корулсун деп айтайын десен, калп айтуу эле эмес, миллиондорду сугунуп жаткан паракорлорго чара корулбой жатканда эч кимдин кылы кыйшайбайт да. Аким мин актанбасын ишенбедим, анткени бул адамдар мындай уюштуруу иштеринин кандай болоорун билбесе болчубу. Актанбай эле койбоптур...
+2
Tansuluu09
2016-08-17 17:30:33
Шустрый бироо пайдаланып калайын дегенго
+4
ruslanz
2016-08-17 17:30:45
Кантип чогулталы оздорунун айлыктары аз болсо деп койгонун, чогултушат эле. Ошол жыйынга катышгандар видеого тартып алсанар болмок, анан корот элек эмне дээрин.
+3
Frunze74
2016-08-17 17:36:43
Негизи Тайлак баатырдын 220-жылдык маарекесинде эле айткам, чондор "для отчетность" жана озунон "жогорку" чондордун астынан отуп конулун алуу учун ар кандай 60,70..110,130,140,220 ж.б.деп таанымал инсандардын, район-шаар ж.б.мааракелерин откоро беришет. Аны откоруу учун местный бюджеттен чон акча болунуп ыксыз-ашыкча чыгымдарга барышат. Жетпей калса мугалим, врач сыяктуу бюджетниктердин мойнуна тушот. Кызматты кылган да катардагы бюджетниктер. Чондор келип жеп-ичип кайтканды
+2
Frunze74
2016-08-17 17:44:03
гана билет. Бюджетниктер жарыбаган акчага иштесе да жумушсуз калбайын деп ары карап ыйлап, бери карап кулуп айласыз тиги акчаны берет. Бул жагы илгерки бай-манап доорундагыдай болуп жатат. Баланча болуш же бий атасына аш берчу болсо дунгуротуп конок кутуп жуздоп-миндеп байгеге жылкы сайып, ошонун баары, аштын чыгымы карапайым элдин мойнуна тушкон. Союз жаман деп отуруп 18-19кылымга кайтып барып калгандайбыз...

Ошол акчаларды максаттуу пайдалансак коп койгойду чечууго жарамак да...
+1
NARYNGRAD
2016-08-17 18:42:04
Тайлак баатырдын 220 жылдыгына Нарын районунун мекеме ишканаларынын ар биринен 5000 сомдон чогултулган, аны чогултканга райондун акими өзү демилгечи болгон. Анан көчмөндөр оюнуна чогултулуучу 1500 сом эмне болуп калыптыр, мындайча айтканда чепухада. Акча чогултулуп жаткандыгын аким эн жакшы билет.
+3
Talantbek80
2016-08-17 23:35:04
карапайым элге эле кыйын чондор эмне ичип жеп кетет бюджеттегилерден баары бир чогултат
0
Kroxa
2016-08-18 06:41:14
Ооба эн аз иштеген мектепте 30мугалим дейли 50 сомдон зарплаттан кармаса 1500 болот андан коп мугалими бар мектептерде ай сайын ага буга деп 200,300 сом айына кармап калат,кайда кетим атат..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан