Кылычбек Султанов Конституцияны өзгөртүүгө каршылык билдирип, отставкага кетүүгө арыз жазды

Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов отставкага кетүү тууралуу арыз жазды. Маалыматты бүгүн, 17-августта элчиге шилтеме берүү менен "Акипресс" жазды. Элчинин айтымында, ал Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгесине макул эмес.

"Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө макул эместигиме байланыштуу отставкага кетүү тууралуу арыз жазганым чын. Чоо-жайын Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жиберген арызымда көрсөттүм. Арызымда жазылган жагдайларды менин отставкамды президент кабыл алгандан кийин айтканым туура болот", - дейт Султанов.

Кылычбек Султанов 2012-жылдын 6-сентябрынан 2013-жылга чейин социалдык өнүгүү министри болгон. Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси кызматын 2014-жылдан бери аркалап келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан