Кыргыз окуучусу информатика боюнча эл аралык олимпиадада коло медалга ээ болду

Азирет Кенжалиев Эл аралык "International Olympiad in Informatics" олимпиадасында коло медалга ээ болду. Бул тууралуу “Себат” Эл аралык билим берүү мекемесинин басма сөз кызматы бүгүн, 18-августта билдирди.

"12-19-августта Татарстандын Казань шаарында информатика боюнча олимпиада болуп өттү. Ага дүйнөнүн 72 өлкөсүнөн 314 окуучу катышты. Кыргыз Республикасынан Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы Кыргыз-Түрк лицейинен барган Азирет Кенжалиев эки турдун жыйынтыгы менен коло медалга татыды", - деп айтылат маалыматта.

Информатика предмети боюнча эл аралык олимпиада (International Olympiad in Informatics) 1989-жылдан баштап жыл сайын өткөрүлүп келет. Ар бир катышуучу өлкөдөн 4төн окуучу жана 2ден жетектөөчү мугалим катыша алат. Бул олимпиаданы өткөрүүнүн максаты түрдүү мамлекеттердин окуучуларынын арасында информатика предмети боюнча билим деңгээлин сыноо жана анын ыкмаларын колдонуу жөндөмдөрүн аныктоо болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
talant87
2016-08-18 10:06:05
балбандар жетпеген женишке сен жетин ийгилик сага
+3
Sara07
2016-08-18 10:45:56
Азамат , келечегин кен болсун ! Элге кызмат кыл !
0
Armada100
2016-08-18 11:20:17
Азамат! Ушул женишке жетишкен окуучудан маалымат алып койгулачы олимпиада тууралуу, башка окуучуларга да кызык болсо керек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан