Евробиримдик "2015-жылы шайлоо таза жана ачык өттү" деп таап, Кыргыз Республикасына 5 миллион евро берди

Кыргыз Республикасынын шайлоо системин реформалоо үчүн Евробиримдик 5 миллион евро көлөмүндө грант бөлдү. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта биримдиктин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы жарыялады.

Маалым болгондой, КРнын шайлоо системин реформалоо программасынын жалпы бюджети 11 миллион еврого барабар. Аны ишке ашыруу боюнча келишим 2016-жылдын 19-апрелинде бекитилген.

"Өлкөнүн бийлиги Евробиримдик менен макулдашкан максаттарды жана милдеттерди аткарса, каражаттар бөлүнүп берилмекчи. 2015-жылдагы парламенттик шайлоого шайлоочулардын 51 пайызынан көбү катышып, "шайлоо ачык жана таза өттү" деп табылгандыгынан максаттар орундалды. Бул жыйынтыктардын негизинде Кыргыз мамлекети 5 миллион евро көлөмүндө биринчи бөлүктү алды", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми калган акча каражаттары 2017-2018-жылдарды берилери күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Seryi-Kardinal
2016-08-18 15:08:03
bul ak4alardy kimder jep atat eken a?
+2
Goldenboy
2016-08-18 15:16:35
Бергени менен аны бироо эле жеп койду го
+2
Patriot..kg
2016-08-18 15:17:49
Жегичтер жеп эле кетпесе атак жакшы Жан.к экен
+4
Rasul_Rahmanaliev
2016-08-18 15:35:40
өөлллө акча зарыл керек эле,берип тургулачы)))))))))))
+3
tulpar90
2016-08-18 16:11:23
2017-жылы боло турган шайлоого акча даяр болду .
+1
Pirimkul
2016-08-18 16:17:42
Сукулдап чайнабай жутуп атат экенсинерда ааа жетиштер
+3
kg-bala87
2016-08-18 17:31:30
Атамбай эле жебесе башка эч ким жей албайтго уруксатсыз
+1
Marianna77
2016-08-18 18:19:28
Кайда таза отту. ХХХ ХХХ ХХХ
0
admin_portal
2016-08-18 18:25:58
Marianna77, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө жана кимдир-бирөөнүн дарегине карата далили жок, негизсиз айыптарды камтыган билдирүүнү калтырууга тыюу салынат! Эскертүү!
-1
nura.177
2016-08-18 19:17:48
Бекер сыр мышеловкада дечу эле шайлоонор таза отту деп да берсе бир жашыруун иш бар да оздоруно керек эмеспи бул акчалар тан калыштуу
0
krem
2016-08-18 21:57:20
ушул акчадан маданият жылына карата маданият уйлорун сахналарды жасап койсо болот эле президентибиз алар деле биздин жузубуз го жетим баладай кылбай кун откон сайын дуйнодон артистер коп келе башташты уяят озбек казактардын сахналарын коруп уяласын уйуну деле ар жазда актайсын го акыры булар биздин мамлекеттин уйу го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан