Мамэкотехинспекция куруу иштерин мыйзамсыз жүргүзүп жаткан компанияны сотко берди

Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекция бүгүн, 18-августта Бишкектеги мыйзамсыз курулган имараттар боюнча рейд жүргүздү. Рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз курулуштардын ээлерине эскертүү берилип, айып салынары айтылды.

"Достук кичи районунда курулуп жаткан 5 кабаттуу үйдүн эч кандай уруксат кагаздары жок болгондуктан, аны куруп жаткан "Айылчы-курулуш" компаниясын сотко бердик.
Манас кең көчөсүндө да мыйзамсыз курулуш бар. Алар менен 5 жылдан бери күрөшүп жатабыз. Мындан улам бир жылдан бери алардын курулушу токтоп турат. Сууну, электр энергияны бердирбей койгонбуз. Мындан тышкары Горький-89 дареги боюнча да мыйзамсыз салынып жаткан кафе бар", - дейт аталган инспекциянын башкы инспектору Тынай Ургазиев.

"Көптөгөн курулуштарда жумушчулар башты коргоочу каскасы, бут кийимдери, атайын кийимдери жок иштешет", - дейт Эмгекти коргоо башкармалыгынын инспектору Турусбек Жумалиев. Жумушчулардын өмүрүн тобокелге салуу чоң ката экенин кошумчалады инспектор.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан