Тажикстандын Орусиядагы жарандары массалык түрдө өз мекенине кайтып келишүүдө. Тажикстан өкмөтү бардык мекеме жана түзүмдөрүнө кайтып келген эмгек мигранттары иштей турган башка өлкөлөрдү аныктоону тапшырганын ММКлар жазып чыгышты.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Эмгек, миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу министрлиги жана Билим берүү министрлиги менен бирге мигранттар чыгып иштей турган өлкөлөрдү аныктоого аргасыз. Себеби Тажикстандын ички дүң продукциясынын негизги бөлүгү мигранттар сырттан которгон каражаттардын эсебинен толукталат. Ошол эле маалда Эмгек, миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу министрлиги Орусиядан келген мигранттарга өлкөнүн ичиндеги бош жумуш орундары туурасында кабардар кылып турууга милдеттүү.
Мындай токтом Орусиядан депортация болгон тажик эмгек мигранттарынын саны 300 миң кишиден аша баштагандыктан кабыл алынды. Орус акчасынын курсунун төмөндөшү дагы жагымсыз жагдай жаратып, атуулдардын мекенине массалык түрдө кайтуусуна себеп болууда.