Бостери айылындагы сел алып кеткен Тогуз-Булак каналынын 1300 метри тазаланды

Ысык-Көл облусунун Бостери айыл аймагындагы селдин кесепетинен ылай басып калган Тогуз-Булак каналынын 1300 метри тазаланды. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сел кесепеттерин жоюу үчүн ӨКМнын Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунан 20 адам, жергиликтүү жашоочулардан 90го чукул жумушчу тартылган.

"Аймактагы сел кесепеттерин жоюуга кубаттуу техникалар: ӨКМнын Өрткө каршы кызматынан 2 унаа, Ысык-Көл механизацияланган өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү базасынан 2 экскаватор, 1 самосвал тартылган",- деп билдирет аталган кызмат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан