Жанар Акаев Айсулуу Тыныбекова окуучулук кезинде машыккан спортзалдын сүрөттөрүн интернетке жарыялады (фото)

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Нарын облусунун Кочкор районуна иш сапары менен барып, балбан Айсулуу Тыныбекова окуучулук кезинде машыккан спортзалдын сүрөттөрүн интернетке жарыялады.

"Нарында жүрүп балбан кызыбыз Айсулуу окуучулук күндөрүндө машыккан спортзалга баш бактык. Мынакей! "Алтын медаль утасың" деп кайсы арыбызга талап кылабыз? Азыр да кеч эмес, өкмөтү да, ишкери да, жапа тырмак спортко көңүл бурбасак болбойт. Алгач шарт түзүп, анан үмүт кылсак. Ааламга жол айылдан башталат, аймактарга катуу көңүл бурушубуз керек", - деди Акаев.

Мындан тышкары депутат спортзал курууга көмөктөшкөн, спорт шаймандарын сатып берген ишкерлерди колдоо боюнча өкмөткө сунуш менен жакында кайрыларын баса белгиледи.

Айта кетсек, кечээ, 17-августта "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасынын алкагында кыз-келиндер арасында кармаштар өтүп, 58 килограмм салмакта килемге чыккан балбаныбыз Айсулуу Тыныбекова мелдештин коло медалынан куру калган. Ал коло медаль үчүн кармашта Индиянын спортчусу Малик Сакшиге утулуп калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (32)
incognito1
2016-08-18 18:59:08
Мен баягыда Арсен утулганда жазганмын, спортко конул буруп, айыл жергелерге кобуроок спорткомплекстерди салыш керек деп. Жанар эми туштон кийин озун пиар кылып, таким путём он хочет заработать политические очки.))
+7
KGstan1981
2016-08-18 19:42:41
А эми озуно келдин Жанар а деп Ислам динине кирешербей ошондой проблемаларды чечип турсан жакшы.
+4
Frunze74
2016-08-18 19:45:22
Ырчы-чоорчусу деле, куудулу да, маскарапозу (клоун) да баарын устуртон артист дешет. Ал эми эки жуздуу, хамелеон саясатчыларды да артист деп койот кайсы бир "онорлору" учун, элди кулдурсо да, куйдурсо да... Ошол "артист" саясатчылардын катарында Мотуев да бар, Т.Акун, Топчубек Турсуналиев да бар, Мискенбаев менен Акаев да, Атамбаев да, башкалары да бар, ар экинчиси-учунчу саясатчы "артист"...
+4
Riokyrgyz
2016-08-18 20:46:20
10 жолу жакшылык кыл эч Ким эстебейт. Бир жолу жамандык кыл, омур бою жемелейт. Баары баса, калышат. Дейт го. Жанар туура эмес кылды, бир жолу, бирок канча жакшы иш кылды эле. Бийликтегилердин абийирин ачып, былыгын чыгарчу эле. Аларын эмне эстебейсинер.
-1
Rasul_Rahmanaliev
2016-08-18 20:53:27
Кургак патриоттор после пожара чыгышат.Курсак патриот болбоо керек элее...
+3
Nendi15
2016-08-18 21:52:40
Жөн эле койбоптурда. Мээрбек Мискенбаев сен дагы бир нерсени айтып чыкты...
0
zhykyo
2016-08-18 21:56:15
Жанара деген негизи кыздын атты Жанарбек деген эркектики мунун атты Жанар элеби эркелетип коёбу же
0
iPad
2016-08-18 22:07:57
Айсулуу майлусудан болотко
+1
tyrgon
2016-08-18 22:18:54
Минтиш керек тигинтиш керек керек керек керек керек керек керек. Ээле дешет
0
take19
2016-08-18 22:25:24
Айсулуу Кочкорлук, атасы майлы-сууда иштеп жургондо торолуптур.
0
AK-47.
2016-08-18 23:51:18
Жанар Акаев кыйратмак беле калп эле жокту бар кылып бийликтин камчысын чабып журотда дупутат болуп келгиче бийликтин терс жактарын чагылдырган беруулорду алып барчу депутат болгондон бери озгорду мындайча айтканда кооп кетти бетинеда айтмакмын озгонго келип эл менен жолугушса эки жуздуу эл бузар жеп жутар экенсин деп бийлике келгиче сын айтып бийлике келгенден кийин канатына калкаланып элди кайрып кагып калчаган каракчы экенсин дер. Супер чындыкты жашырбай туура созду туз жеткирсенер
+2
AK-47.
2016-08-19 00:00:02
Айсулуу утулгуча казино саунада чардап жаттыда менин уйумдо чоп жыйып же кой кайтарып журду дейсинерби жанарды жеп ичип арам акчаларды ага алып барып бер буга алып барып бер мен баланча казинодо же баланча саунада масмын алып кет деп служебныйларына чалып эс учун билбей жаттыштыда жетимдер
-2
Sharos3
2016-08-19 01:34:58
Элге жагайын дегенго бул жанар
Чубак ажы ызы чуусунан кийин.
Анча болду туз чоон спортзалга проект да ишке ашыр
+2
admin_portal
2016-08-19 12:04:59
Guli000, жеке айтышуулар купуяга!
0
Marat-m
2016-08-20 09:16:29
Ушул жигиттен умутум чон болчу
бир учурда колдоп журчумун
жана ошо учурда жазган элем
сен дагы бир азда бийлик пил учат
десе кошо учат деп калбагын деп
азыр эми коруп олтурам жыйынтыгын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан