SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Өзүнүн сырткы келбетине маани бербеген балдар" деген тема талкууга алынууда.
Теманы ачкан колдонуучунун суроосу:
"Өзүнө анча карай бербеген, бирок жакшы балдар арабызда абдан көп. Ошол бала келечекте кандай күйөө болушу мүмкүн? Аялы таза болсо, тазалыкка үйрөнөбү же адатынча эле шалпылдаган бойдон калабы? Сиз аял алганча кандай элеңиз, андан кийин кандайсыз?"
Жооптор:
"Аял жакшы - эр жакшы" деп коёт го".
"Ошол жүдөгөн бала тыкыйган кызды келинчек кылып алса болгону... Көп убакыт өтпөй келинчеги өзүнө окшотуп, тыкыйтып алса керек".
"Үй-бүлөнү мамлекет менен салыштырып коёбуз, эркекти президент кылып, аялды премьер-министр кылып. А мен аялга депутаттык милдетти дагы жүктөп коймокмун, анткени үйдөгү мыйзамдарды дагы аял түзөт. Аял түзгөн мыйзамга күйөөсү - президент дагы баш ийип калат. Эгер аял таза, тыкан болсо, күйөөсү, балдары дагы таза, тыкан болушат. Аялы, тилекке каршы, жүдөө болсо, бойдок кезинде чыкыйып жүргөн эркегиң деле жүдөп, кебетеси кетип калат".
"Өзүн анча карай бербеген балдар майдачыл, киришчээк болушпайт. Кара жумуштан коркпойт. Чыкыйып жүргөндөрдүн чыкыйганга жараша майда деталдарга маани берүүсү да "чыкыйган" болот. Биринчилеринин кемчилиги, кийин сизге жардам бергенинен бербегени дурус болот, себеби "бардакты" бат уюштура коюшат. А экинчилери сизге үй ичинде кол кабыш кылганы менен, кара жумушка анчейин жок, анан да майда кемчиликтериңизди да бат эле көрүп коюшат".
"Андайлар жөнөкөй, эмгекчил болушат. Жыртык кийимдин ичинде жалындаган жүрөк бар дегендей болушса керек. А жуунуп, тараныштан зериккендерге сөз жок. Өзүнчө эле таза адам болуп, кийимин туш-тушка чачкан чыкыймаларга келсек, аялдын эле шору".
"Ошо тыкыйып жүргөндөр киришчээк болушат. Бир абысыным "Сенин күйөөңдүн колунан да келет, талап кылганды да билет. Биздики "болсо болот, болбосо жок да" деп коюп жүрө берет" дейт. Чын эле ошондой. Бир жездем өзүнө анча карабайт, эжеме да киришпейт, үйүн жыйнабай көчөгө чыгып кетсе да иши жок. А биздики өзү да таптаза, айланасы да таптаза болушун каалайт. Жумуштан келгенде бир жер жыйналбаганын көрүп калсын, тим эле куда күтө тургандай урушуп алат... "
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.