Борбордук Азиянын байкерлери Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында биринчи мотожүрүш уюштурушат

Борбордук Азиянын байкерлери II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында “Көчмөн жолу” деп аталган алгачкы эл аралык мотожүрүштү уюштурушат. Бул тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы билдирди.

"Бул жүрүш 2016-жылдын 31-августунда Тажикстандын Дүйшөмбү шаарына жакын жайгашкаш Варзоб тоосунан башталат. Андан соң катышуучулардын жүрүш жолу Борбордук Азиядагы үч мамлекеттин – Тажикстан, Казакстан жана Кыргыз өлкөсүнүн шаарларынан жана аймактарынан өтөт. Жүрүштө байкерлер Анзоб, Шахристан, Көк-Бел, Ала-Бел, Өтмөк, Кордай ашууларын ашып өтүшөт. “Көчмөн жолу” Чычкан жана Боом капчыгайы аркылуу да уланмакчы", - деп айтылат маалыматта.

Байкерлер кооз жана кызыктуу жерлерди да көз жаздымда калтырбай, Сулайман-Тоого, Өзгөн архитектуралык комплексине, Манас, Тектурмас, Карахан күмбөздөрүнө, археологиялык жана архитектуралык музей - Бурана мунарасына, “Коне Тараз” археологиялык парк-музейине барышары маалым болду.

Кыргыз мотоциклисттер коомунун төрагасы Аскат Сейитбековдун билдиргенине караганда, “Көчмөн жолу” деп аталган алгачкы мотожүрүштү Кыргыз мотоциклисттер коому, Тажикстандын “IRBIS MCC” мотоклубу, Казакстандын “Live2Ride” коомдук биримдиги жана Өзбекстандын байкерлери уюштуруп жатышат.

Иш-чара Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын таанымалдуулугун арттыруу, көчмөн элдердин тарыхын жана каада-салттарын сактоо, ошондой эле мото маданиятын жана аталган өлкөлөрдүн туризмин өнүктүрүү максатында өткөрүлөт. Мындан сырткары жүрүш Борбордук Азия мамлекеттериндеги байкерлердин достук мамилесин өнүктүрүүгө чоң кадам болмокчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ali-han
2016-08-19 14:18:24
Азаматсынар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан