Көчмөндөр оюндарын уюштуруу жана өткөрүүгө мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерден каражат чогултуу тууралуу эч кандай көрсөтмөлөр берилген эмес. Бул тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы билдирди.
"Жакында бир нече массалык маалымат каражаттарында Көчмөндөр оюндарын уюштуруу жана өткөрүүгө мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерден, мектеп мугалимдеринен жана бала бакчалардын (көбүнчө Нарын жана Баткен облусундагы) кызматкерлеринен акча каражаттарынын топтолуп жаткандыгы тууралуу маалымат жарыяланган. Республиканын облустук жана райондук администрацияларына бул сыяктуу эч кандай көрсөтмөлөр берилбегенин жана кийин да берилбей турганын маалымдайбыз", - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, 17-августта Нарын облусунун Нарын районунда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үчүн мектептерден акча жыйналып жаткандыгы тууралуу SUPER.KG порталына маалымат түшкөн.