Кыргыз Республикасынан барган зыяратчылардын экинчи тобу Медина шаарында жайгаштырылды. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Медина шаарына сапар алган зыяратчылар кечээ жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:13тө шаардын аэропортуна конгон. Зыяратчыларды 2016-жылдагы убактылуу республикалык штабдын өкүлдөрү Жигитали ажы Исмаилов, Мурзали ажы Козуев тосуп алып, мейманканага жайгаштырышкан.