Ташкент дарыгерлерине 3-сентябрдан тарта пахта жыйноо мезгили башталарын эскертишти. Медицина кызматкерлерин талаага кезек менен алып келип турушат. Быйыл алардын ар бири 13-14 күн пахта талааларында иштеши керек болот. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, пахта терүү сезону сентябрь айында башталат. Талап боюнча ар бир кызматкер күнүнө 70 килограммдан пахта жыйноого милдеттүү. Эгер терилген пахтанын салмагы ага жетпей калса, планды өз каражатынан акча менен толтурууга туура келет.
План жалпы медицина кызматкерлеринин санына жараша түзүлгөн. Дарыгерлер талаага өзүнүн ордуна өз чөнтөгүнөн акча төлөп жалданма жумушчуларды да иштете алышат.
Маалым болгондой, Өзбекстанда бюджеттик мекемелердин кызматкерлери жыл сайын пахта жыйноого тартылышат.