Эгемендүүлүктүн 25 жана Үркүндүн 100 жылдыгына карата мунапыска илингендер бошотула баштады. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, алгачкылардан болуп 17-август күнү К.М. аттуу жаран бошотулган. Ал 2012-жылы уурулук боюнча соттолуп, үстүбүздөгү жылдын июль айында качып кеткен. Бирок 10 күндөн кийин кайра кайтып келген.
Буга чейин өлкө башчы Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына жана 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн 100 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө" мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, абактагы 3374 адамга мунапыс колдонулары айтылган.
Айта кетсек, адам өлтүрүү, зордуктоо жана сексуалдык мүнөздөгү ыплас аракеттерди жасоо, кылмыштуу жолдор менен табылган кирешелерди легалдаштыруу, терроризм, адамды барымтага алуу, мыйзамсыз куралдуу топторду уюштуруу же ага аралашуу, бандитчилик, уюшкан кылмыштуу топторду түзүү, массалык баш аламандыктар, мамлекеттин коопсуздугуна жана конституциялык түзүлүшкө каршы келген кылмыштар, кызматтык кылмыштар үчүн соттолгондорго мунапыс мыйзамынын тиешеси болбойт. Тагыраагы, бул кылмыштар үчүн соттолгондор абактан бошотулбайт жана жаза өтөө мөөнөтү кыскарбайт.