Аксы районунда быйыл 12 миң тонна кара өрүктүн түшүмүн алуу мерчемделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта SUPER.KG порталына Аксы райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Масалбек Мырзамамытов билдирди.
"Быйыл райондо 12 миң тоннага жакын кара өрүктүн түшүмүн жыйноо мерчемделүүдө. Бул көрсөткүч 2015-жылга салыштырмалуу 4 миң тоннага көп. Чарбакерлерибизге быйыл миң тоннадан ашуун как даярдоо мүмкүнчүлүгү жаралып жатат. Анткени быйыл район боюнча кара өрүктүн түшүм берүүсү жогору болгон", - деп билдирди Мырзамамытов.
Маалым болгондой, район боюнча 170тен ашуун кара өрүк кургатуучу кичи ишканалар иштейт. 2015-жылы 1 килограмм кактын баасы 105-110 сомго чейин сатылган.
Мырзамамытовдун айтымында, өндүрүлүп алынган түшүмдү чарбакерлер ортомчулар аркылуу Орусия жана Тажикстан өлкөлөрүнө сатышат.