Свердлов районунун муниципалдык администрациясынын кызматкерлери менен Коргоо боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлеринин жолугушуусу бүгүн, 19-августта болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Полковник Намысбек Аманалиев акимиаттын кызматкерлерине кыргыз армиясындагы кызмат өтөө 1 жыл экенин билдирди. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандары 50 миң сом төлөсө, резервдик мобилизацияга 30 күнгө чакыртылып, 1-категориядагы запаска киргизилет жана аскердик кызматтарда иштөө мүмкүндүгүн алат. Ал эми аскердик кызматка барбай турган жарандар 25 миң сом төлөп альтернативалык аскердик кызматты өтөөгө болорун билдирди.
“Ден соолугу боюнча аскердик кызматка жараксыз деген чечими бар жарандар эч кандай акча төлөбөй, аскердик кызмат өтөөдөн бошотулат”, - деди Намысбек Аманалиев.
Аскердик кызматты өтөө боюнча мыйзамынын негизинде аскерге чакыруунун убакыттары өзгөрдү. Буга чейин апрель-июнь жана октябрь-декабрь айларында чакырылса, азыр март-май жана сентябрь-ноябрь айларында чакыртылат.