SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кызганганда эмне кыласыңар?" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөр:
"Кызганганда мен таңкы саат 3-4кө чейин уктай албайм. Китеп окусам деле, сыналгы көрсөм деле кызганыч сезимим тынчымды ала берет".
"А мен кызганганда жиним келип, ыйлай берем. Анан өзүмө келип, кызганбаганга аракет кылам. Бирок жүрөк байкуш кантсин, чыдабайт экен да".
"Кызганганда урунарга тоо, урушарга жоо таппай калам".
"Мен да өтө кызганчаакмын. Өзүмдү өзүм кыйнап салам".
"Көзүмдө огум болсо атып жиберчүдөй болуп калам. Бирок билдирбегенге, сездирбегенге аракет кылып, музыка угам".
"Мени кызгандыра турган болсо бат көңүлгө тиет. Жүрөгүм муздай түшөт. Мага тиешелүү адам меники гана болуш керек, аны эч ким менен бөлүшпөйм! Кызганган маалда сүйлөбөй коём".
"Менин жаным чыгып, телефондон айтпаган сөздү айтып, ал аз келгенсип СМС-билдирүүлөрдү да жөнөтүп салам... Ал эми экөөбүз бирге жүргөндө мен аны эмес, ал мени кызганат".
"Кызгануу керек, бирок жөнү менен, анда да себеби болсо. Бири-бириңерди сыйласаңар, ишенсеңер, менимче, кызганууга эч кандай себеп жок. Алган жарыңды сыйлабай өз билгениңди кылып басып жүрсөң, ал да сен баскан жолду басышы мүмкүн".
Талкууга кошулгуңуз келсе,
бул жакка кириңиз.