Ырчы Добр бүгүн, 19-августта тун уулдуу болду. Бул тууралуу ырчы SUPER.KG порталына кабарлады. Жубайы Жибек саат 16:00дөр чамасында Бишкектин төрөт үйлөрүнүн биринде көз жарган.
"Кубанычыбыз коюнубузга батпай, дагы деле толкунданып жатабыз. Буга чейин эжем балалуу болгон, эми ата-энемдин неберелеринин саны көбөйдү. Уулум 3,2 килограмм болуп төрөлдү. Учурда экөөнүн тең абалы жакшы. Келинчегим гана бир аз кыйналды", - деди ырчы.