Индиялык премьер-министрдин костюму рекорддук суммага сатылды

Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин костюму аукциондо эң кымбат баада сатылган костюм катары "Гиннесстин рекорддор китебине" кирди. Бул тууралуу "РИА Новости" ANI агенттигине шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Премьердин бир нече ариптен кыйыштырып кооздолуп жазылган костюму 2015-жылы февраль айында 43 миллион рупийге (643 миң доллардан ашуун) сатылган. Индиялык ММКлардын жазганы боюнча, костюмду "Dharmananda Diamond Company" зер компаниясынын ээси сатып алган соң рекорд тууралуу сертификатка арыз берген. Агенттиктин билдиргени боюнча, Моди ал костюмду 2015-жылы Барак Обама менен жолугушууга кийген. Костюмдагы чийиндерде премьер-министрдин аты кайталанып жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Adyl84kg
2016-08-22 10:11:45
Муну бекер жаздынар,эми биздин чондор да рекорд койобуз дешип,кымбат кийим кийе башташат,ал эми кымбат кийим кийиш учун элдин канын соруш керек
0
TPUMOl
2016-08-22 10:21:21
Анын эмнесине суктанышат экен билбейм, меникиндей эле кастюм го. Мен да аукционго койсом бекен?
0
bond
2016-08-22 10:42:35
Пиар кылып жатат.
0
Dadasdasd
2016-08-22 11:07:15
bond,индия ырындагыдай тумсе пийаар карна деппи.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан