Баткен шаарындагы мектептер жаңы окуу жылына 100 пайыз даяр

Баткен шаары жаңы окуу жылына 100 пайыз даяр. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта SUPER.KG порталына Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдила Акматбеков билдирди.

"Быйылкы 2015-2016-жылдагы жаңы окуу жылына Баткен шаарындагы мектептер 100 пайызга даяр. Буга чейин республикалык бюджеттен 463 300 сом, жергиликтүү бюджеттен Баткен шаардык мэриясы 200 миң сом бөлүп берди. Мунун баары оңдоп-түзөө иштери үчүн жумшалды", - деп билдирди Акматбеков.

Белгилей кетсек, Баткен шаарында 8 мектеп, 3 бала бакча бар. Маалым болгондой, жаңы окуу жылына 650 окуучу кабыл алынууда.

Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдила Акматбековдун айтымында, республикалык олимпиадада орус тили сабагынан Аида Сапарова 2-орунду камсыздаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан