Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата 52806-аскердик бөлүгүнүн базасында аскер парадына даярдык өттү. Бүл тууралуу бүгүн, 22-августта Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын басма сөз кызматы билдирди.
"Даярдыкка башкаруу органдарынын аскер кызматкерлери, Бишкек гарнизонунун бирикмелери жана бөлүмдөрү катышты. Ошондой эле даярдык маалында аскердик жана авиация техникаларынын коштоосу тандалды", - деп айтылат маалыматта.
Даярдыкты Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын орун басары, генерал-майор Закир Тиленов өткөргөнү маалым болду.