Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүнө 23-26-августта газ берилбейт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынын басма сөз кызматы бүгүн, 22-августта билдирди.
"Газ түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу көгүлтүр от 23-26-августта Эркиндик бульварында, Элебесов жана Щербаков көчөлөрүндө жок болот”, - деп билдирди.