Республика боюнча 2500 мугалим жетишпейт

Республика боюнча 2500 мугалим жетишпейт. Бул тууралуу 22-августта өкмөт жыйынында билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева айтты. Анын маалыматына ылайык, учурда билим берүү мекемелеринде жалпы 75 830 мугалим эмгектенет.

Ал эми жыл сайын 100 мектепти оңдоп-түзөөдөн өткөрүү боюнча план аткарылып жатканын белгиледи. “Быйылкы жылдагы планга ылайык, 1-сентябрга карата 98 мектепке капиталдык ремонт жасалды. Эки мектеп авариялык абалда турат", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
asmera
2016-08-22 15:33:49
Эгер сөз жүзүндө мугалимдердин айлыгын 2 эсе көтөрдүк деп, а иш жүзүндө азайтпаганда - мугалимдер жетиштүү эле болмок. Мисалы, менин жеңем мурда 12 миң алса, көбөйткөндөн кийин 9 миң алып калган. Демек, президент менен өкмөт мугалимдерди алдап койгон.
+1
keba300989
2016-08-22 15:45:35
Мен аялымы мектепке жумушка киргизе албай жатам места жок эле деп отура беришетко, пара берейин десем акча озумон ашпаса гарона акчасы барларды ишке өткөзөт биз карап отура беребиз. дагы 2500 мугалим жетишпейт дейт силер гаронаны текшергиле анан билесиңер.
+5
gul3ina
2016-08-22 16:07:35
Жетишпейт деп коюшат мектептерге барсак албайт
+3
tolik1995
2016-08-22 16:34:41
Айлык акысы аздыгынан улам мугалимдер гана эмес башка тармактын адистери да башка элде миграцияда журушот деп ойлоп койдум
+1
sabyr86
2016-08-22 17:24:11
Мектептерде коррупция гүлдөдү,окутайын десен балдарды албайт эң азы 10 миң беришиң керек экен.иштейин десең өзүңдү албайт.келинчегим темселеп орношо албай жүрөт канча күндөн бери.
+1
Sara07
2016-08-22 17:56:00
Эми мектепке мугалим болуп кируу да тааныш -билиш ,акча болуп калбадыбы Анан эле мугалим жетишпейт дей беришет ,айлыктын которулгонунон дайын жок!
0
Tansuluu09
2016-08-22 18:07:55
Мен дагы мугалимдер жетишпейт деген созго анча ишенбей паара менен болуп калды ал тура туура бирок кээ бирки мугалимдер озунун специ боюнча иштеп башка сабактардан да бере берет ал боюнча билими жок болсода сурот музыка информатика ушуга окшоштордон
0
dosym
2016-08-22 18:57:07
Пенсияга чыккан эжеке агайларды сый урмат менен узатып коюш керек, билими жакшы болсо да, жаңы технологияларды колдоно албайт, интерактивдуу усулдар менен иштөөгө зеригет
+1
Hernandez
2016-08-22 19:28:56
2500 жетишпейт дейт, анда мени жумушка албай жатышат го, бир эмес уч мектепке бардым места жок дейт го
0
Rosanur
2016-08-22 20:06:31
Мен дагы ишке кире албай койдум места жок дейт. Мектепте болсо пенсионерлер,сырттан тапшырып коюп иштегендер,ал да директордун туугандары .
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан