Орусиялык белгилүү ашпозчу, "Неделя еды" жана "Спросите повара" телешоусунун алып баруучусу Юрий Рожков 45 жашында каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар бүгүн, 22-августта жазып чыгышты.
Маалыматтарда анын эмнеден улам каза болгондугу тууралуу так маалыматтар айтылбайт. Расмий эмес билдирүүлөргө караганда, ашпозчу жүрөк оорусунан каза болгон.