Үңкүр-Тоодогу кырдаал боюнча кыргыз-өзбек чек ара өкүлдөрү жолугушат. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
“Жолугушуу бүгүнкүгө белгиленди, бирок азырынча саат канчада болору белгисиз”, - деп билдирди Мамлекеттик чек ара кызматы.
Айта кетсек, бүгүн эртең менен Аксыдагы такталбаган Үңкүр-Тоого өзбек тараптын МИ-8 тик учагы конуп, 7 милиция кызматкерин таштаган. Азырынча окуянын чоо-жайы белгисиз.