Бишкекте айкелдер жуулуп, тазаланды

"Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы айкелдерди жууп, тазалоо иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 22-августта билдирди.

"21-августта Уркуя Салиеванын айкели ар кандай жазуулардан тазаланган. Кызматкерлер айкелдеги аэрозоль жана канцелярдык боёктор менен жазылган жазууларды кетирүү үчүн аны бир нече саат бою жуушту. Ал эми бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы Манастын айкели жуулду", - деп айтылат маалыматта.

"Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын маданий жана муниципалдык объектилерге этияттык менен мамиле кылууга, коомдук жайларда маданияттуулукту сактап, бейбаштык тууралуу укук коргоо органдарына маалымдоого чакырат. Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!" - деп кошумчалашкан мэриядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
incognito1
2016-08-22 19:21:43
Молодцы. ))
+3
Syper.kelin4ek
2016-08-22 19:56:27
Колдору кычышып аткансып эстеликтерге да жазышат тобоо.
+2
aibars
2016-08-22 23:02:35
Ушунчалык эле жазгылары келсе барактан коп нерсе жок! Колдорун кесиш керек акылсыздар!
0
aibars
2016-08-22 23:04:02
Жазмак тугул Айкелдерге жакын барып жанына тургандан уяласын! Бул деген Кыргызга дем куч берчу улуу инсандарда!
0
Sharos3
2016-08-23 02:26:13
Салымбеков аз толоп койгон окшойт Манас атабыздын айкели орустун эле жоокерине окшоп калган. Айбаттуу, каардуу болуш керек эле
0
zarlyk2211
2016-08-23 03:30:29
Жуугандар азаматтар! Жазгандар ХХХ!
0
admin_portal
2016-08-23 09:23:35
zarlyk2211, этика нормаларын сактаңыз!
0
Guli000
2016-08-23 14:06:54
Андайга кимдер жазат?Акылсыз сабатсыз, тарбиясы жок,озуну бироону сыйлабаган,корбогондун коргону курусундар жазат!Баардык нерсе уйдогу тарбиядан, адам уйундо кандай болсо кочодо ошонусун корсотот!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан