“Түндүк электр” ачык акционердик коомунун Жогорку чыңалуу кызматынын электр куроочулары Чүй облусунун Сокулук районундагы жогорку вольттогу 35 киловаттык “Александровка-Белогорка” аба электр чубалгысында оңдоо иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы бүгүн, 22-августта билдирди.
"Аталган чубалгынын узундугу 12,4 чакырымды түзөт. Жогорку чыңалуу кызматынын адистери чубалгыны карап, темир-бетон тирөөчтөрүнүн чоймолорун жөндөп жана сырдап, зымдарды, изоляторлорду жана чынжырдуу арматураны алмаштырып, жабыркаган зымдардын бөлүктөрүн оңдоп жана аба чубалгы трассасынын боюндагы бактарды кыркышты. Буга ишкана 30 миң сомго жакын каражат сарптады", - деп айтылат маалыматта.
Көп жылдык графикке ылайык, 35 киловаттык аба электр чубалгыларын оңдоо иштери алты жылда бир жолу жүргүзүлөт. 2016-жылы “Түндүк электр” 241 чакырым узундуктагы 35 киловаттык аба электр чубалгыларын оңдойт. Бул максатка акционердик коом өз эсебинен 1 миллион сомго жакын каржы караганы маалым болду.