Алысты жакындаткан, көптөгөн маалыматты камтыган интернет түйүнүнүн пайда болгонуна 25 жыл болду. 1992-жылы 6-августта колдонуучуларга алгачкы ирет веб-сайт жарыяланган. Анда "World Wide Web" ("Бүткүл дүйнөлүк желе") долбоору сунушталган. Анын түзүүчүсү Тим Бернерс-Ли болгон. Бирок сайт расмий түрдө 23-августта ишке киргизилген. Андыктан ушул күн баарына жеткиликтүү болгон интернеттин пайда болуу күнү катары белгиленип калган. Ал эми 1993-жылы Mosaic веб-браузеринин пайда болушу технологиялардын өнүгүүсүнүн кийинки кадамын шарттаган.
Эгер интернеттин тарыхына токтолсок, анын пайда болуу тарыхы XX кылымдын экинчи жарымына барып такалат. 1957-жылы АКШнын Коргоо министрлигинин алдында уюштурулган Алдынкы изилдөө долбоорлорунун агенттиги (ARPA) 1969-жылдын 1-сентябрында изилдөө институттарынын ортосундагы компьютер аркылуу маалымат алмашууну камсыз кылган алгачкы бириккен желени түзүп чыккан. Интернеттин бул алгачкы түрү биринчи "Арпанет" деген аталышта дүйнөгө жайыла башайт. Ал эми 1971-жылы "Bolt Beranek and Newman" аттуу компьютердик фирманын программисти Рэй Томлисон алгачкы электрондук почтаны жана @ - электрондук белгини иштеп чыккан.
Кыргыз өлкөсүнө интернет 1995-жылдан тартып келе баштаган.