2016-жылдын 7 ай аралыгында 36 миллиард сомдон ашык салык чогултулду

2016-жылдын январь-июль айларында Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 36 миллиард 267,6 миллион сом салык жана төлөмдөр чогултулган. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы бүгүн, 23-августта билдирди.

"Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу чогултулган салык 10 миллиард 109 миллион 400 миң сомго же 38,5 пайызга көбөйгөн.

2016-жылдын июль айында 5 миллиард 204 миллион 500 миң сом суммада салык жана төлөмдөр чогултулган. Белгиленген план 102,5 пайызга, тагыраак айтканда, 127,8 миллион сомго ашык аткарылган.

Өткөн жылдын июль айына салыштырмалуу 1 миллиард 147,9 миллион сомго же 28,3 пайызга көбөйгөн”, - деп айтылат Мамлекеттик салык кызматынын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
keba300989
2016-08-23 12:02:16
Жакшы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан