Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүндө "Жарандардын жалпыга бирдей аскердик милдеттүүлүгү, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзамдын талаптарын жеткирүү боюнча маалымат жыйыны өттү. Бул тууралуу облустук администрациядан 23-августта кабарлашты.
Жыйынга өлкөнүн Коргоо иштери боюнча комитетинин өкүлү С.Бодобаев, Баткен районундагы айыл аймак башчылары, аскердик каттоо инспекторлору, райондук жана шаардык мекеме-ишканалардын өкүлдөрү катышты. Жыйындын жүрүшүндө Бодобаев мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр, тактап айтканда, аскердик кафедра, аскердик жана альтернативдик кызмат жана мамлекеттик төлөмдөр тууралуу маалымат берди.