Ош шаардык төрөт үйүндө 22 жаштагы келин үч эмди жарыкка алып келди. Бул тууралуу SUPER.KG'ге аталган төрөт үйүнүн башчысы Зейнеп Исраилова 23-августта билдирди.
З.Исраилованын айтымында, үчөө тең кыз. "Ымыркайлар 22-августтан 23-августка караган түнү операциялык жол менен төрөлүштү. Ай-күнүнө жетпей төрөлгөндүктөн, учурда жандандыруу бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатышат. Биринчисинин салмагы 1 килограмм 900 грамм, экинчисиники 1 килограмм 700 болсо, үчүнчүсүнүкү 1 килограмм 600 грамм болду",- деди Исраилова.