"Майкрософт" корпорациясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс "тарыхтагы эң бай ишкер" деп аталды

"Майкрософт" корпорациясынын негиздөөчүсү, 61 жаштагы Билл Гейтс "тарыхтагы эң бай ишкер" деп аталды. "Bloomberg" финансылык маалыматтарды таратуу компаниясынын маалыматына караганда, анын мүлкү 90 миллиард доллардан ашкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Билл алгачкы компьютердик программасын 13 жашында түзгөн. Орто мектепти аяктаган соң престиждүү делген Гарвардга тапшырган. Студент кезинде "M.I.T.S." компаниясына компьютердик программалык камсыздоолорду иштеп чыгуу сунушу менен кайрылган. Анын идеялары компания менеджерлерин кызыктырып, жаш талант ишке алынат. Ошентип, Гейтс “Microsoft” империясын түзүүгө киришкен. Окуусу экинчи планда калып, сабакты көп калтырып, жетишүүсү начар болгондуктан, окуудан чыгарылган.

2008-жылдын 7-январында Билл Гейтс “Microsoft`тун” жетекчилик кызматынан кетип, кайрымдуулук менен алектенүүгө өтөрүн билдирген. 2 жылдан кийин компаниянын аткаруучу директорунун да ордун бошотуп, ордуна Гейтстин студент кездеги досу Стив Балмер келген.
Чет элдик басылмалардын маалыматында, Билл Гейтс ушул жылдын июнь айында Африкадагы өлкөлөргө жардам берүү максатында тоокторду өстүрө турган долбоорду ишке киргизери тууралуу билдирген. Ал кайрымдуулукка ири суммадагы акча каражаттарын бөлүп келген берешендиги менен да белгилүү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
realmadrid32
2016-08-23 19:42:24
Менден кичине байраак экен
0
realmadrid32
2016-08-23 19:43:34
Анча мынча мамлекеттин бюджети мынча болбосо к-к
+3
omurbekFCB
2016-08-23 19:59:29
акчасына бир кичине мамлекетти сатып алса болотко
0
Seryi-Kardinal
2016-08-23 23:27:41
omurbekFCB,бир эмес кыргызстанга окшогон 10өлкө сатып алса болот
+2
salimbek87.kg
2016-08-23 20:30:47
Жакшы насип кылсын байлыгы . Бирок чыныгы байлык мен учун бул ден соолук деп билем.
+2
realmadrid32
2016-08-23 20:49:30
Акча болсо ден-соолук болот, азыркы заманда.
+3
Adi.Avazbekov
2016-08-23 21:22:05
realmadrid32,sen owondoi oiloisun den sooluktu akchaga satyp ala albaisyn mindegen bai prezidentter oorunun aiynan kaza bolgon
-1
Komrad
2016-08-23 21:04:28
Аялы экоо 25 млрд доллардан ашык кайрымдуулук кылышты. Индиядагы полиэмиелит оорусун тубу менен жок кылышкан.
0
bekhaliev
2016-08-23 22:25:04
мага 1миллион $керек болтат кандай байланышсам болот экен а
0
samira8589
2016-08-23 23:28:22
bekhaliev,байланышып калсаңыз мени да унутпаңыз...макулбу.ха ха ха
0
samira8589
2016-08-23 23:28:59
Супер инфо быйтыкчаларды да кошуп койсоңор сопсонун болмок
-2
edik-kg
2016-08-23 23:30:48
Кыргызстандын карызы 3 миллиард бир жылдык бюдьжети 6 миллиард 15жыл кыргызстанды бакса болот экен акчасына
+4
Nadyrbekkg
2016-08-24 00:23:47
Путиндин байлыгы 130 млрд $ дүйнөдө биринчи орунда турат экен
-2
Sanzhyra
2016-08-24 07:25:10
Ой-бой байлыгы эстен оодарат го кишини суротто ото жонокой тушуптур биздикилер болгондо кычырашмак тимеле
+1
Sara07
2016-08-24 12:34:19
Бизде анчалык акча болсо Марска кетип калмакпыз мурун эле
0
AKCAHAT
2016-08-24 20:38:57
Гейтс Цукерберг Стив негизи эле батыштын миллионерлери байлыгын коз коз кылып звезда боло беришпейт негедир аялдары деле катардагы жонокой аялдар .Кийген кийими минген машинасын корсон бизде анча мынчалар да алардан тын корунот. Булардын руханий дуйносу ток. Акчаны жондуу нерсеге иштетишет понт деген куру мактаныч жок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан