Бишкек шаарынын кире беришиндеги борбордун дарбазасы болгон "Аска-Таш" архитектуралык комплекси жаңыланды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 23-августта кабарлады.
"Комплексти жасалгалоодо жаңы саймалуу таш (петроглифтер) мотиви колдонулду. Бул мотив "Аска-Таштагы" тоолордун ансамблин толуктап турат. Петроглифтер полиэстрден жасалып, контурдук жарык берип турат. Күндөй болуп жасалган элемент тазаланып, алтын түскө боёлгон, түнкүсүн жарык берип туруу үчүн 24 даана линзасы менен прожекторлор орнотулган. "БИШКЕК" жазуусу жаңыдан жасалып, 1,5 метр бийиктикте орнотулган, кечкисин прожекторлор жана стробоскоптор менен жарыктандырылып турат", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле фонтандар жана аларды жарыктандыруучу лампалар оңдолду. Жасалгалоо долбоорун башкы сүрөтчү Болот Усубалиевдин жетектөөсүндө "Бишкек башкы архитектура" ишканасынын архитекторлору Сыймык Рыспек уулу, Ч.Сатаркулов, скульптор-монументалисттер Э.Осмоев,
У.Жанузаков ишке ашырышканы маалым болду.