Билим берүү министрлиги: "Директорлордун мектеп формасын кыйнап алдырууга укугу жок"

2015-жылы өкмөт тарабынан атайын мектеп формалары бекитилип, фасонун тандоо укугу мектептер менен ата-энелерге берилген. Бүгүнкү күндө мектеп формаларынын сапатына жана баасына нааразы болгон ата-энелердин саны аз эмес. Ал эми айрым мектеп директорлору ата-энелерди формаларды сатып алууга милдеттендирип жаткан учурлар да кездешүүдө. Андай окуяга кабылгандардын бири бүгүн, 23-августта SUPER.KG порталына кайрылды.

"Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Орто-Өрүктү айылынын Жапар Сабиров атындагы орто мектебинин директору ата-энелерди атайын форма сатып алууга милдеттендирип жатат. Буга чейин окуучулар жакшынакай эле көйнөк-фартук кийип барышчу. Бул форманын баасы мен үчүн кымбат. Биз атайын форманы алып берүүгө милдеттүүбүзбү?" - деген суроосун берди тургун.

Бул маселе боюнча Билим берүү жана илим министрлигине байланышканыбызда, атайын форманы сатып алууга ата-энелер милдеттүү эмес экенин билдиришти.

"Атайын форма бекитилген. Окуучулар үчүн формалардын түрлөрү сунушталган. Андан тышкары башка түстөгү түрдүү (көк, кара, боз, кочкул кызыл; "асты кара, үстү ак" классикалык варианты, ак фартук менен көк же кара көйнөк, ак көйнөк менен кара-боз чакмактуу юбкалар жана башкалар) формалар да стандартка кирип, ар бир мектеп ата-энелер комитети менен биргеликте аларга ылайыгы келген форманы тандап алышат. Ал эми мектеп директорлору ата-энелерди атайын форма сатып алууга милдеттендиргенге укугу жок", - деп билдиришти басма сөз кызматы.

Ысык-Көл районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дамира Абирова бул маселе тууралуу жыйын болгонун айтты.

"Бул маселе тууралуу кечээ эле мектеп директорлору менен сүйлөшүп, ата-энелер милдеттүү эместигин түшүндүргөнбүз. Бүгүн дагы кошумчалап түшүндүрүү иштерин кайталап жүргүзөбүз", - деди Дамира Абирова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
erjigit-e.15
2016-08-23 20:40:37
Мектеп директорлору иш маалында ичимдик ичсе кандай жоопкерчиликке тартылат
+1
mahoni1980kg
2016-08-25 00:22:44
керек болсо биздин мектепке алып келип койду директор. ата энелер талап кетишип, айрымдарга жетпей да калды
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан