SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Сиз канча балалуу болгуңуз келет?" деген тема талкууга алынууда.
Теманы ачкан колдонуучунун билдирүүсү:
"Балалыктан өтүп, эс тарта баштаганыбыздан эле үй-бүлө тууралуу ар кандай ой жүгүртүп, эң сонун максаттар менен жашоого купуя максат коё баштайт экенбиз. Мен да ушул сыяктуу тилектер менен жашоо кечирип келем. Кудай буюрса, жубайымдын ден соолугу чыдап берсе эле сегиз балалуу болгум келет. Алардын үчөөсү уул, бешөөсү кыз же ушунун эле тескерисинче болсо деп ойлойм".
Темага калтырылган билдирүүлөр:
"Кудай канча көп берсе, ошончо жакшы болот. Ден соолугу чың, өмүрү менен берсин. Бир же эки дегим келбейт, Кудайдын бергени канча көп болсо, ошончо жакшы го".
"Негедир жигитим менен сүйлөшүп жүргөндө "экөөбүз сегиз балалуу болобуз, анан Одиссей унаасын сатып алып, балдарыбызды аркабызга салып, өзүбүз алдыга отуруп алып, көп жерлерди кыдырып эс алабыз" деп кыялданчубуз. Бирок ал жигитке турмушка чыкпай, кайдагы болбогон бир балага туш келип калганыма таарынам. Бул жолдошум бала карабайт, "бала төрөбө, кереги жок" деп аябай эле кесирленип сүйлөйт".
"Кудай канчаны берсе, ошончо балалуу болобуз. Мен 4 балалуу болгум келет, 2 кыз, 2 уул".
"Жакшы аялдардын катарында күйөөсүнө көп бала төрөп берген аял да бар экен. Ошондуктан жакшы аял болгум келип жүрөт".
"Буюрса, ден соолугум болсо, Баатыр эне болгум келет. Күйөөмө "мен пенсияга эрте чыгам, Баатыр эне болом, сизге карызга акча берип турам" деп, өзү айтмакчы, бала кыял боло берем. Кудай ошол күнгө жеткирсин".