Кыргыз Республикасынын алгачкы космонавты, КРнын жана Орусия Федерациясынын Баатыры Салижан Шарипов бүгүн 52 жашка толду. Ал 1964-жылы 24-августта Ош облусунун Өзгөн шаарында туулган. Өзгөн шаарындагы Фрунзе атындагы мектептен билим алган. Харьковдогу Жогорку аскердик-учкучтар окуу жайын бүтүргөн. Окуусун бүткөн соң мекенине кайтып келип, Токмок шаарындагы окуу-машыгуу полкунда эмгек жолун баштаган.
1990-жылы Космонавттарды даярдоо борборунда – “Жылдыздар шаарчасында” татаал
даярдык-окуунун баскычтарынан өтүп, сыноочу-космонавт жана инженер-эколог кесибине ээ болот. Кийинчерээк Шарипов атайын тандоодон өтүп, АКШдагы Лондон Жонсон атындагы Учкучтарды даярдоо борборунда америкалык кесиптештери менен бирдикте “Спейс-шаттлдын” космостогу системин толугу менен өздөштүрүп, 1998-жылы 22-январда Канаверал тумшугунан америкалык-орусиялык экипаждын курамында Хьюстон шаарындагы Линдон Жексон атындагы учуу станциясынан “Шаттл STS Endeowor” космос корабли менен Орусиянын 88, ал эми дүйнө жүзү боюнча 380-космонавт болуп космоско учкан. Салижан Шарипов космостон "Шак” деген ысым алган.