2016-жылдын биринчи жарымы тарыхта эң жылуу мезгил болгонун NASA (АКШнын Аэронавтика жана космос мейкиндигин изилдөө боюнча улуттук башкармалыгы) кызматкерлери белгилешүүдө. Жылуу аба ырайынан Арктика муздарынын эрүүсү рекорддук ылдамдыкка жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлайт.
Маалыматтарда Арктика муздарынын эрүүсү Жер шарындагы аба ырайына терс таасирин тийгизери айтылат. Ошондой эле таза суунун таңсыктыгы бүткүл дүйнөдө байкалышы мүмкүн.
Окумуштуулардын айтымында, арктикалык аймактарда температура Жер шарындагы башка аймактарга салыштырмалуу бат жогорулап жатат. Бул планетанын климатын өзгөртүп, орду толгус жоготууларга алып келет.
2018-жылы NASA орбитага метеорологиялык спутникти ишке киргизүүнү пландоодо. Аппарат арктикалык аймактардагы көрүнүштү көзөмөлдөп, окумуштууларга так маалыматтарды жеткирип турмакчы.