Жалал-Абад шаардык жарандык коргонуу кызматтары штабдык машыгуу өткөрүшүүдө

Жалал-Абад шаардык жарандык коргонуу кызматтары штабдык машыгуу өткөрүшүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад шаардык бөлүмүнүн башчысы Исхар Апиев билдирди.

Иш-чарага Жалал-Абад шаардык жарандык коргонуу кызматтары, мекеме-ишканалардын башкаруу жана өздүк курамы атайын техникалар менен катышууда. Машыгуунун жүрүшүндө жабыркаган жарандарга Жарандык коргонуу кызматы жардам берүү боюнча ыкчам аракеттерди көрсөттү. Мындан сырткары кооптуу жаракалар пайда болгон турак үйдөн жашоочуларды көчүрүп чыгуу тапшырмаларын аткарышты.

"Машыгууларды өткөрүүнүн негизги максаты өзгөчө кырдаал учурунда калкка ыкчам кызмат көрсөтүү менен Жарандык коргонуу кызматтарынын иш-милдеттерин аткаруунун деңгээлин жогорулатуу болуп саналат", - деп билдирди Апиев.

Белгилүү болгондой, машыгуу бүгүн, 24-августта жыйынтыкталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан