СУПЕРСТАН: "Кандай адамдар үй-бүлөсү бар экенин билип туруп көңүлдөш болуп алышат?"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кандай адамдар үй-бүлөсү бар экенин билип туруп ойнош болуп алышат?" деген тема талкууга алынууда.

Теманы ачкан колдонуучунун билдирүүсү:

"Жолдошум экөөбүз 4 жылдан бери бактылуу эле жашап жүргөнбүз. Ортобузда 1 кыз, 1 уул бар. Ар дайым менин гана жанымда болчу, үйгө келбей калган учур болгон эмес. Бир күнү досторун шылтоолоп үйгө келбей калды. Мен эмнегедир башкача бир нерсени сезип турдум, себеби мени эч качан алдаган эмес, алдаганды деле билбейт болчу. Мен анын айткан сөздөрүнө ишенбей баарын териштирип, "Кайсы досуң менен болдуң?" деген суроомо жооп бере албай калды. Анткени мен анын досторунун баарын тааныйм. Ошол күндөн баштап үйүбүздө күнүгө уруш-талаш чыкмай болду. Кайсы кафеде отурганын билип, ал жакка бардым. Официанттардан сураштырып сүйлөшкөнүмдө, күйөөм бир аял жана 15 жаштардагы кыз менен келип отуруп кетишкенин айтышты". (Окуянын башы гана жазылды)

Темага калтырылган билдирүүлөр:

"Ойнош болгон аял менен эркекти исламдын шартына таянып жазаласа болот. Бирок биз, кыргыз эли, андайды жасай албайбыз. Ал эми сизге сабыр тилейм".

"Эркектер ар кайсы нерсени айта беришет. Бул сиздин гана жашооңуз, андыктан бир нерсе деп айтуу кыйын".

"Эми өзүңүзгө "Жолдошумдун ойнош күткөнүнө эмне себеп болду?" деген суроону берип көрүңүз. Эгер жообун туура тапсаңыз, үй-бүлөнү сактайсыз, таппасаңыз, айла жок".

"Эмнеге аялы күнөөнү өзүнөн издеши керек? Күнөө ойнош болуп алган адамда жана күйөө сөрөйдө. Сүйлөшпөйм деп айткан сөзүнө ишенбей эле койгонуңуз туура. Ал аялга телефон чалып, болгон оюңузду, сөзүңүздү айтыңыз. Эркек өзү токтолгусу келгенде, токтойт экен. Аны бала менен коркутсаң да жыйынтык чыкпайт. Башымдан өткөн үчүн жазып жатам".

Талкууга кошулуп, окуяны толугу менен окугуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Syper.kelin4ek
2016-08-24 15:37:21
Азыр андайлар толтура, ал кыздар уйбулосу барбы жокбу ойлошпойт, аларда бир эле максат бар, тикенектей жабышып, эптеп эрге тиймейдин айласын корушот. Ошондой бузуку кыздардан Алла Таадам озу сактасын.
+1
tuigan.
2016-08-24 16:17:52
Syper.kelin4ek,туура айтасын.акчасы.машинасы бар эркектерге жабышып айфон телефон алдырган кызды уккам
+2
lolo.1
2016-08-24 16:29:31
Мынандай болот анан ойнош кутушот деп бир жооп менен айтууга болбойт.турмушта ар нерсе болот
0
gordaya
2016-08-24 16:32:11
ошол учун куйоолорунорго уруксат бергиле, экинчи аял алууга, биринчиден куйоонорду зинадан сактайсынар, экинчиден силерден башка да аялдар бактылуу болсун, эркектер азыр аз.
+4
Bema50000
2016-08-24 17:11:24
gordaya, эс алсан
+3
gordaya
2016-08-24 17:28:55
Bema50000, чарчаган жокмун,
+1
gordaya
2016-08-24 17:31:04
Bema50000, Чычалабай Аллах айткан нерсени аткарсан, бактылуу болосун! жана да адамдар менен кантип суйлошуу керектигин бир аз уйронсон, келечегине пайдасы тиет.
+1
lolo.1
2016-08-24 17:59:46
gordaya,ал мандарин эмес бироо менен болушконго
+2
nastinbaba89
2016-08-24 16:57:22
Ат айланып казыгын табат. Бирок окунчутуусу бут кыйынчылыкта сени м.н болуп жакшы кундорго жеткенде башкасын тапса окундурот.Эркектер деле окунсо к.к ичинен ак никесин 2 сааттык кумарга алмаштырганын бирок билдибейт
+5
lolo.1
2016-08-24 18:02:56
nastinbaba89,ат айланып казыгын тапкыча канча нерсе болот билесинби
0
nastinbaba89
2016-08-24 18:23:06
lolo.1,мен билгенден не пайда оздору билип ошол жолго барып жатса. Мен карылардан калган созду жазып койдум
0
lolo.1
2016-08-24 18:35:30
nastinbaba89,сен билип пайда кылбай эле кой.
Андай иш башына келип биле турган болсон страшный зыянга учурайсын.ал казыгана айланып келгиче ортогу ысык мамиле жоголот дегим келди
0
Marianna77
2016-08-24 18:26:34
Туура ат айланып казыгын тапкыча канча убакыт оторун кудай билет. Бирок ортодогу мамиле сууп,конул муздайт. Бир жигит аялынын козуно чоп салып,таарынтып алат. Аялы куйоосу эч нерсе дебейт жон гана кундон кунго тунт болуп кете берет. Жигит чыдабай молдого барып баарын тушундуруп,куноосун кантип кечиришин сурайт. Анда молдо гулдоп турган гулду узуп кайра жерге сайсан гулдобой кун откон сайын соолуп баштайт туурабы дейт. Жигит ооба деп жооп берет.
0
Marianna77
2016-08-24 18:28:35
Анда сенин аялын да гул сыяктуу конулу эч качан ордуна келбейт.Аны башында ойлонушун керек эле уулум дейт.
+1
isnur93
2016-08-24 19:43:05
Азыркы кездие келиндери сабырсыз,кичине куйоосу менен урушсале эч нерсени ойлобой кетип калат,ошондойлордон ажырашуу коп болуп жатат.Анан ар кимдин уйбулосун бузуп,ар кимге ойнош болуп жатышат.
+2
Azumi32
2016-08-24 21:01:22
Конулдошту мындай кой,экинчиниз болуп алайын дегендер толтура. Азыркы кыздардын копчулугу "Уй булоо","Турмуш" эмне экенин тушунушпойт го?
0
tulpar90
2016-08-24 21:22:23
Ойнош деле керек нерсе .
-2
sabyr86
2016-08-24 22:02:48
Эркектер ойносо жакшыы,күйөөсү бар туруп ойнош ойногондор толтура экен.
+1
angel.elhan
2016-08-25 00:24:10
сенинда куйоом кыздар менен журот Айла жок чарчадым
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан