Ош шаарында 31-августта Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата коомдук унааларда кыргыздын элдик ыр-күүлөрү жаңырат. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Майрам күнү шаардын борбордук аянтында эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына арналган аскердик парад өткөрүлөт. Мындан сырткары өлкөнүн чейрек кылымда басып өткөн жолун чагылдырган театрлаштырылган оюн-зоок тартууланат. Ал эми борбордук аянтка селкинчектер орнотулуп, Алымбек датка, Каныкей, Ататүрк сейил бактарында майрамдык шаан-шөкөттөр өткөрүлөт", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, спорт сүйүүчүлөрү үчүн шаардык стадиондо ар түрдүү спорттук оюндар уюштурулмакчы. Ал эми Навои атындагы эс алуу багында шахмат, стол тенниси боюнча мелдештер орун алат. Токтогул, Навои атындагы жана “Жаштар” сейил бактарында майрамдык соода-сатык уюштурулат.
Эгемендүүлүккө карата калаадагы 4 эс алуу багында интернет түйүнү орнотулуп, акысыз Wi-Fi кызматы иштейт.