КҮНСЕРЕП: Атамбаев Кыргыз жерин бербеген президент катары тарыхта кала алабы?

Бүгүн, 24-август. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

Үңкүр-Тоодон орун алган радиостанциянын 4 кызматкерин өзбек милициясы кармап кеткени белгилүү болду. Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, алар азыр Өзбекстандын Яңгикурган райондук ички иштер бөлүмүндө кармалууда. SUPER.KG порталына Чек ара кызматынын маалымат кызматынын өкүлү: “Жарандарды качан кармап кетишкени боюнча маалымат бере албайбыз, бизге 23-августта маалым болду. Өзбекстан тарап менен сүйлөшүү жүргүзүлүп жатат, бирок натыйжа жок болууда. Өзбек тарап кармалган жарандар боюнча тынчсызданбоого чакырды”, - деп билдирди. Ретрансляциялык станцияда иштеп жаткан 4 жарандын качан кармалып Өзбекстанга алынып кеткенин билишпегенине караганда, өзбек тарап Үңкүр-Тоого толук көзөмөл орнотуп, кыргыз чек арачыларын киргизбей турат.

2002-жылы Аскар Акаевдин бийлиги тушунда Ысык-Көлдөгү Үзөңгү-Кууш тилкеси Кытайга жең ичинен берилип кеткен. 2008-жылы Курманбек Бакиевдин бийлигинин тушунда Каркыра жайлоосунун бир бөлүгү Казакстанга берилген. Азырынча президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда кыргыздын жери коңшу өлкөлөргө берилип кеткени тууралуу маалымат жок. Анткен менен өткөн бийликке шылталып, кээ бир жерлер "соодаланып" кетүү мүмкүнчүлүгү сакталууда. Каркыраны берип жатып Бакиев деле "Акаев мурда эле кол коюп салыптыр, аргабыз калбай калды" деген эле. Заман өзгөрсө да шылтоо өзгөрбөйт сыяктуу. Эми Алмазбек Атамбаев Кыргыздын жерин бербеген президент катары тарыхта кала алабы?..

Жарандык көзөмөлдөө комитети бүгүн саясатчы, коомдук ишмер, укук коргоочу, саясат талдоочуларды тегерек столго чогултуп, “Бизде Баш мыйзамды өзгөртүү муктаждыгы барбы?” деген суроону кабыргасынан койду. Депутат, укук коргоочу Чолпон Жакупованын “Конституцияны өзгөртүү үчүн референдум өткөрүү демилгеси кимдики? Өзгөртүүнү даярдап чыккан авторлор кимдер?” деген суроолоруна КСДПдан келген өкүл Марат Аманкулов ачык жооп бере алган жок. Конституцияга бир топ өзгөртүүлөрдү киргизип, жарандарга “ооба” же “жок” деп гана жооп бердирүү – элди алдоо. “Мындай технологияны кезинде Аскар Акаев ойлоп тапкан. Революциялык бийлик бул технологияны кайра колдонобу?” Жарандык көзөмөлдөө комитети Алмазбек Атамбаевге ушундай суроо менен кайрылды. Баш мыйзамды өзгөртүүгө комитет каршы. “Көз карандысыз серепчилер, саясий жана коомдук ишмерлер Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөр бир саясий топтун жана командаңыздагы адамдардын бийликти сактап калуу аракети экенин айтышты”, - дешет комитет мүчөлөрү.

Мындай аракет жүрүп жатканын Өмүрбек Текебаев SUPER.KG порталына берген маалыматында да белгилеп өттү. “Атамбаевдин кылган аракеттерин байкап көрсөк, ал иш жүзүндө бийликтен кетпегенге аракет кылууда. Ал өкмөттү бекемдейбиз деген жакшы ниетти айтканы менен, иш жүзүндө өкмөттү көзөмөлдөн сыртка чыгарып койгон жатат. Эгер азыр өкмөттү 61 депутат кызматтан кетире алса, Атамбаевдин сунушунан кийин 80 добуш менен кетире турган болот. Бул иш жүзүндө өкмөттү эч ким кетире албайт дегенди билдирет. Бүгүнкү президенттин айланасындагы мурунку жардамчылары, жакын адамдары чоң кызматтарда эмес, бирок иш жүзүндө мамлекетти башкарып жатышат. Ошентип премьер-министрликти парламенттин көзөмөлүнөн чыгарып Атамбаев реалдуу бийлигин сактап калуу аракетин кылып жатат”, - дейт Текебаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан