Үңкүр-Тоодогу станциянын 4 кызматкери (кыргыз жарандары) Өзбекстандын Ички иштер башкармалыгында кармалууда. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы бүгүн, 24-августта кабарлады.
Айта кетсек, 22-август күнү эртең менен Аксыдагы Үңкүр-Тоого өзбек тараптын МИ-8 тик учагы конуп, 7 милиция кызматкерин таштаган.
Кыргыз чек арачылары тарабынан чек араны бузганы үчүн колго түшүрүлгөн өзбекстандык милиция кызматкери өзбектердин талабы менен 3 күн мурда эле Өзбекстанга өткөрүлүп берилгенине карабай кырдаал эч өзгөрүүсүз калууда. 4 кыргыз жараны качан бошотулуп, кыргыз тарапка өткөрүлүп берилери белгисиз.
"Азырынча кырдаал өзгөрүүсүз. Эки тараптуу сүйлөшүүлөр уланууда, бирок сүйлөшүүлөр жыйынтык бербей жатат", - деп билдиришти Чек ара кызматынын басма сөз кызматы.