1916-жылдагы Үркүндүн 100 жылдыгына карата курулуп жаткан "Ата-Бейит" мемориалдык комплексиндеги жаңы комплекстин курулуш иштери аягына чыгып калды. Ушул жылдын 2-сентябрында жаңы комплекстин расмий ачылышы болот. Ага мамлекеттик бюджеттен 136,6 миллион сом каражат сарпталды. Учурда курулуш иштеринин акыркы этабы жыйынтыкталууда.
Кызуу жүрүп жаткан курулуш иштери менен 24-августта биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев таанышып чыгып, комплексти бүткөрүүгө саналуу күндөр калгандыктан, ишти мөөнөтүндө бүткөрүп, аны менен катар сапатына көңүл бурууну тапшырды.
"2016-жылдагы Үркүндүн 100 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата аяктап жаткан бул долбоор Кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө салым кошкон тарыхый инсандарды эскерүүдө зор мааниге ээ", - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.